Биз менен байланышыңыз

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 15-февралда бүтөт

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 738 | 0

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү эртең, 15-февралда бүтө турганын Мамлекеттик каттоо кызматы эскертип, ар кандай кыйынчылыктарга кабылбоо үчүн белгиленген мөөнөткө чейин алмаштырууну сунуштады.

2019-жылдын июль айынан 31-декабрга чейинки берилген убактылуу айдоочулук күбөлүктөр Кыргыз Өкмөтүнүн буйругу менен 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылган болчу.

Күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынып жатат.

Арыздар Бишкек шаарында Ч. Валиханов көчөсү 2 дарегинде (“Аю Гранд” гипермаркети району) кабыл алынууда.

Ал эми даярдалып бүткөн күбөлүктөр М.Ауэзов 1/5 (Два прораба гипермаркети) дарегиндеги ММК №4 элди тейлөө борборунда таратылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM