Биз менен байланышыңыз

Мамкаттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү бере баштады

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 2582 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү бере баштады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Мамлекеттик «Унаа» мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн арыздар кабыл алынат.

Айдоочулук күбөлүктөрдүн эски үлгүсү мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу деп эсептелинет жана аларды айдоочулар өз каалоосу менен алмаштырып алышса болот.

Ал эми, ушул жылдын 10-июнунан 31-декабрына чейин колдонууга берилген убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу керек.

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн дизайны жакшыртылып, сүрөттөрүнө жана текстине лазер принтери колдонулгандыктан, 10 жылга чейин өчпөйт. Ошондой эле күбөлүк жогорку сапаттагы материалдардан жасалып, бардыгы болуп 20 дан ашык коргоочу элементтер орнотулган.

Эгерде айдоочулук күбөлүк мурда 1 305 сом болсо, жаңы күбөлүктөр 732,63 сом турат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жалпы 1 млн 998 миң 389 миң адам айдоочулук күбөлүккө ээ. Анын 1 млн 622 миң 109у эркектерге таандык. Айымдар 267 миң 633 айдоочулук күбөлүгүн алышкан. Дагы 108 миң 647 күбөлүк ээлеринин жынысы такталган эмес.

Эң көп берилген айдоочулук күбөлүк — В, С категориясында күбөлүк.

Copyright © 2017 Maral FM