Биз менен байланышыңыз

Финляндия эмне үчүн баарынан алдыда?

Блог | 18 Мар 2019 | 2349 | 1

Финдер дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар гана болбостон, алар бардыгынан мыкты деп шведдик журналист макаланын башында жазган. Аларда дүйнөдөгү эң мыкты полиция, мектептер жана саламаттык, жада калса алар дем алып жаткан аба да башка өлкөлөргө караганда абдан таза. Финляндия – эң коопсуз өлкө, ал жерде сабаттулук эң жогорку дэңгээлде. Кандайча мындай болду?

Svenska Dagbladet (Швеция): Финляндия кантип бардык жагынан Швециядан да ашып түштү?

Хельсинки – кар шаарды ак пилед сыяктуу жаап алды. Жолдордо кар менен жабылып калган муздун эч кандай изи да жок, карга байланыштуу коомдук транспорттун да графигинде эч кандай өзгөрүү жок. Ар кайсы жерде кар тазалоочу унаалар жүрөт, алар карды чогултуп, башка жакка алып барып төгүшөт.

«Эң негизгиси сөз эмес, жумуш»

Сайман Анхольт Хельсинки университетинде көрүүчүлөрдүн алдында олтургучта олтурат.

«Адамзаты чоң көйгөйлөргө кабылды. Биз бул көйгөйдү чечиш үчүн эмне кылышты билебиз, бирок эч кандай аракет кылбайбыз»,- дейт бүткүл дүйнөнү кыдырып премьер-министр жана президенттерге кеңеш берип жүргөн британдык.

Анын артында жети «муми-тролл» менен тегерек үй көрүнүп турат. Анын көк маңдайында «Мыкты өлкө» деп жазылган.

«Бирок Финляндия башка өлкөлөргө караганда көп пайдалуу иштерди жасап, анча деле зыян келтирбейт, мына ошол үчүн силерди дүйнөдөгү мыкты өлкө деп аташты. Куттуктайбыз!»

Кол чабуулар болгон жок. Бул жылы «Дүйнөдөгү мыкты өлкөлөр» рейтингин багындырганы көрүүчүлөр үчүн жаңылык деле эмес. Финляндиянын Тышкы иштер министри Тимо Сайни сыйлыкты январдын аягында Давостогу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумда эле алган. Бүгүнкү чогулуш – бул Анольттун финдик академик менен болгон сүйлөшүүсү, ал Финляндия биринчиликти алып жаткан ар кандай рейтингдерден кандай пайда ала алат деген темага байланыштуу.

Ал эми мындай учурлар көп. Акыркы жылдары мамлекет жүздөн ашык рейтингдерде биринчиликти алып келе жатат. Финляндия – эң коопсуз шаар, анын абасы да эң таза. Финляндияда – эң жогорку сабаттуулук, андагы калктын жашоо-турмушу бардыгынан жакшы. Укук коргоо системасы абдан көзкарандысыз, ошондой эле полициясы да эң мыкты. Европа элинин ичинен финдер эң так жүргөн адамдар, алар өз жашоосуна курсант жана башкаларга караганда бири-бирине ишенишет.

Өткөн жылы БУУнун атайын уюму Финляндияны “дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө” деп атаган. Мурун бул рейтингди Дания, Норвегия, Швейцария сыяктуу өлкөлөр ээлеп келген, ал эми 2018-жылы Швеция тогузунчу орунда болчу. Бул орун шведдердин өзүнө болгон баасына карата көп деле төп келбейт дейт Анхольт.

«Көпчүлүк өлкөлөрдүн өзүнө болгон баасы төмөн, бирок мен билген 100 мамлекеттин ичинен үчөөнү бөлүп көрсөтө алам. Алар Швеция, АКШ жана Казакстан. Силердин баарыңарда өзүңүздөргө болгон бааңыздар абдан жогору, жана да силер башкаларга көп нерсе үйрөтө алабыз дейсиңер»,- дейт ал.

Биз, шведдер өзүбүздүн ийгиликтерибизди айтканды жакшы көрөбүз. Бирок, эгерде, мунун ордуна башкаларды уксак кантет? Эгерде Финляндиядан сабак алсак кандай болот?

Дүйнөдөгү эң мыкты полиция

«Бизге кызматкерлерди табуу абдан оңой. Бул жерден ишенич абдан чоң болгон үчүн эң жакшы адамдар бизге келишет, же биз эң жакшы болгондугубуздан финдер полицияга ишенишет деп айтуу кыйын»,- дейт Финляндияда бул кесиптин жогору бааланышын белгилөө менен Полиция башкармалыгынан Самппа Холопайнен.

Уурулук боюнча иштер 100% изилденбесе да, көпчүлүгүн тергөөгө алышат. Ошондой эле өлтүрүү боюнча иштердин көпчүлүгү аткарылат. Күз айында жүргүзүлгөн эл аралык изилдөөдө Финляндияда 98% кылмыш иштери ачылары белгиленген. Швецияда бул көрсөткүч 82% түзөт. Финляндияда кылмыштуу топ дээрлик жок деп айтууга болот. Мындан тышкары, көпчүлүк кылмыштар үй-бүлөдө эле болот, аларды ачуу анчалык деле оор эмес.

Биринчи караганда мындай болушу мүмкүн эмес. Муну менен катар Финляндияда Евробиримдик башка мамлекеттерине караганда полиция кызматкерлери аз. Өлкө үчүн болгону 7,2 миң полиция кызматкери, же болбосо 100 миң адамга 137 полиция кызматкери туура келет. Евробиримдик боюнча орточо эсеп менен бул сумма 318 түзөт.

Финляндия полициясын швед полициясынан бир нерсе айырмалап турат. Финляндияда тергөө иштери менен прокурор эмес, полиция эмгектенет.

Дүйнөдөгү бактылуу мигранттар

Биз Финляндияга барарда бир нече жума калганда, кайсы райондору абдан көйгөйлүү экенин билүүнү чечтик. Биздикине окшогон Ринкебю же Руингорд сыяктуулар барбы (мигранттарга тиешелүү болгон шведдик чет жерлер)? Биздин бардык финдик досторубуз бул суроого унчукпай гана туруп беришти. Анан: «Мен билбейм»,- деп гана жооп узатышты.

«Эми бул жерде жашоо жакшы боло баштады. Менин келгениме 28 жыл болду, бул жылдын ичинде мамлекет абдан өзгөрдү. Мен түндүк жагында жашачумун, мени абдан тигиле карашчу, анткени ал жерде менден башка кара адам жок эле. Бирок азыр бир кыйла жеңил болуп калды»,- дейт өзүнүн фамилиясын айткысы келбеген сомалилик Ахмед.

Кар бапылдап жаап жатат, а Ахмед болсо таксинин рулунда бул жерде дайыма эле кыш деп күлүп олтурат. Бирок ага өлкө тынч экени жагат. Биз 60-жылдары атагы жамандык менен чыккан Контулу деген шаарчага келдик. Азыр аянтчада адам көп. Бул жерде бекер бериле турган эи дүкөнү бар, ошондой эле кебаб рестораны, ал эми алыс эмес жерде кондитердик жай бар, ал жерден пенсионерлер кофе ичишет. Биз дагы он беш барды санап чыктык.

«Финдер көп ичишет. Дагы да, бул жер абдан караңгы. Бирок адамдар мигранттарга жакшы мамиле кылышат. Мен мурун Жапонияда жашачумун. Ал жакта жапон тилин билбесең жаман көрүшчү. А бул жерде болсо, менин аракет кылганымды баалашат»,- дейт Непалдан келген Нараян Сапилота.

Ал непалдык ресторанда ашпозчу болуп иштейт. Финляндияда Швецияга салыштырмалуу абдан төмөнкү социалдык-экономикалык статусту алып жүргөн, мигранттар көп топтолгон жана кылмыштуулук жогору болгон райондор жок. Мамлекетте мигранттар үчүн катуу мыйзам иштейт: Финляндияда калктын 7% гана чет элдиктерден турат. Ижарага бериле турган батирлер жеке турак жайлар менен аралаш, ошондой эле кирешеси ар кандай болгон жашоочулар менен да катарлаш эле берилет. Өлкөдө үйсүздөр дээрлик жок. Көйгөйлөр жаралбаш үчүн кандай болсо да турак жай менен камсыз болуш керек деген принципте бул көйгөйдү чечишкен.

БУУ дал ушул финдик мигранттарды дүйнөдөгү эң бактылуу мигранттар деп атаган. Баяндамага ылайык мунун себеби бул жакка келген мигранттар өзүлөрүн эркин сезишип, коом менен бат эле аралашып кетишет, жана да алардын саны анча көп эмес, ошондуктан жергиликтүү эл тыштан келгендерди кубануу менен кабыл алышат.

Албетте муну менен биз Финляндияда жомоктогудай жашоо деп айта албайбыз. Контулда мигранттар жөнүндө эки ача пикир пайда болду. Биз мигранттарга эч кандай каршы болбой тургандарлы жана аларды кабыл алгысы келбегендерди да жолуктурлук.

Мисалы, алардын бири финдик швед айым Гунвар Андерссон. Ал финдик кышкы согуштан кийин төрөлгөн, анан ал бомбаланып жаткан жерден өз үй-бүлөсүн таштап, качып келген ирактык жана сириялык эркектерди түшүнө албастыгын айтат.

«Алардын кийингенинен кыйын турмушта жашайт деп айта албайсың. Алар бул жакка жакшы жашоо гана издеп келишкен, анткени бизде жөлөкпул эң жогору. А эгерде согуш учурунда биздин эркектер өз үй-бүлөлөрүн таштап кетсечи?»

Дүйнөдөгү өзүнө болгон жаман баа…

Бир нече жыл мурда дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар деп даниялыктарды эсептешчү, көпчүлүк өлкөлөрдө кокусунан «хюгге» (скандинавиялык аралдарда пайда болгон термин, ыңгайлуу, жайлуу деген түшүнүктү берет) жөнүндө сөз боло баштады. Даниялык бактылуулукту кечкисин шам алдында отуруу деп элестетүүгө мүмкүнбү?  Финляндияда «хюгге» жок, бирок сауна бар. Тагыраак айтканда, 5,4 млн эл жашаган өлкөдө 3,3 млн сауна бар.

«Мончо маданияты биздин окшоштугубуздун бир бөлүгү. Жумуштан кийин саунага барып эс аласың, же болбосо күндү мончодон баштайсың»,- дейт Йессина Коски.

Ал «Лёюлю» деген рестораны жана бары менен деңиздин жээгинде ачык асманда жайгашкан мончо комплексинин жетекчиси, ал эми өзү болсо аянты 46,5 чарчы метр келген батирде жашайт.

Финдер бири-бирине гана эмес, өздөрүнүн журналисттерине жана саясатчыларына да ишенишет: ЖМКга болгон ишенич бул жакта эң жогорку дэңгээлде.

Буга карабастан өлкөнүн өзүнө берген баасы анча жакшы эмес. Биз менен маектешкен көпчүлүк жарандар, финдер бардыгы начар экенине көнүп калып, эми баары эчак эле жакшы болгонуна көп ишенишпейт. Аларга төшүн каккылоо өөн көрүнүш, финдер 700 жыл бою Швецияга, андан кийин Орусияга көз каранды болушкан.

Азыр Финляндия мектептерди жана саламаттыкты сактоону өзгөртүүнү көздөп жатышат. Булардын бардыгын шведдик моделде кылабыз дешет. Мүмкүн Швеция Балтика аркылуу Финляндияга ишеним берсе, ал эми акысына момундукту алса жакшы болот беле?

Фин мектеби

Биздин кетерибиздин акыркы күнүндө Хельсинкиде кар эрип, кайрадан тоңуп калыптыр, биз Стокгольм сыяктуу тазаланбаган жолдо тайгаланып бара жаттык.

Эмнеси болсо дагы, кышкысын биздин бир да шаарыбыз жолдорду сапаттуу тазалоо боюнча мактана алышпайт.

Которгон: Махабат Соконова

1 пикир

1 пикир

  1. Рахат Нурдинов

    19.03.2019 16:31

    Албетте мунун баарын окуугандан кийин Финландияга же Швецияга барып жашагын келип кетет.Бирок бироонун жерине барып Султан болгубузча оз жерибизде ултан болгонубуз жакшы.Аз калды 10-15 жылдын ичинде биздин олкобуз дуйнону жакшы жагы менен тан калдырып улгу болгон мамлекет болобуз мен ушуга жетерибизге толугу менен ишенем.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM