Биз менен байланышыңыз

Финляндияда өкмөт башчылыкка 34 жаштагы аял шайланат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 732 | 0

34 жаштагы Санна Мариндин жакынкы күндөрү Европадагы эң жаш премьер-министр болушу күтүлүүдө.

Финляндиянын мурдагы өкмөт башчысы Антти Ринне почта кызматкерлеринин иш таштоосунан кийин отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Өкмөт таркап кетпеш үчүн социал-демократтар премьер-министрликке партия ичинен Маринди колдоп чыгышты. Эми анын талапкерлигин парламент жана президент бекитиши керек.

Карапайым үй-бүлөдөн чыккан Санна Марин үй-бүлөсүндө жогорку билим алган жалгыз адам жана ал ар дайым»социалдык мамлекетти» колдоп келет.

Буга чейин Марин транспорт жана коммуникация министри кызматын аркалаган. 34 жаштагы Марин дүйнө жүзүндөгү эң жаш өкмөт башчылардын катарына кирди.

Copyright © 2017 Maral FM