Биз менен байланышыңыз

Финляндия коңшулары менен чек араларын кайрадан жаап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 604 | 0

Финляндия коңшу өлкөлөр — Швеция жана Норвегия менен чек араларын жаап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Кирси Пимеа билдирди.

28-сентябрдан баштап аталган өлкөлөрдүн жарандары Финляндиянын аймагына кире албайт. Буга Швеция менен Норвегияда оорунун көп катталуусу себеп болгон.

Финляндия Швеция менен чек арасын март айында жаап, чек ара 19-сентябрда ачылган.

8-сентябрда Финляндия өкмөтү Орусия менен чек арасын ачуудан баш тарткан.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 9,1 миң адам коронавирусту жуктуруп, илдеттен 341 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM