Биз менен байланышыңыз

Финляндия: Парламенттеги 200 мандаттын 92син айымдар ээледи

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 828 | 0

Финляндияда 14-апрелдеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгында 200 мандаттын ичинен 92син айымдар ээледи. Бул өлкөнүн тарыхы бонча эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет.

Аял депутаттардын эң кенжеси «Жашылдар» партиясынын мүчөсү, Тампер шаардык кеңешинин жетекчисинин орун басары, 24 жаштагы Иирис Суомела болду.

Аталган өлкөдө алгачкы жолу 1907-жылы аялзаты парламенттик шайлоого катышып, 19 орун бөлүнүп берилген.

Ал эми Кыргызстанда 120 мандаттын ичинен 19ун айымдар ээлейт.

Copyright © 2017 Maral FM