Биз менен байланышыңыз

Финляндиянын премьер-министри отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 604 | 0

Финляндиянын өкмөт башчысы Антти Ринне отставкага кетти. Анын отставкага кетүү учурун Ilta-Sanomat гезити түз эфир аркылуу чагылдырды.

Финляндиянын премьер-министри, Социал-демократтар партиясынын лидери Антти Ринне кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Аны өлкө башчысы Саули Ниинистё кабыл алып, арызга кол койду. Ошондой эле, жаңы өкмөт башчы дайындалганга чейин милдетин аткарып туруусун кошумчалады.

57 жаштагы Антти Ринне премьер-министрлик кызматка ушул жылдын 6-июнунда келген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM