Биз менен байланышыңыз

Хоккей: Финляндия дүйнө чемпиону!

Кыска кабар , Спорт | 27 мая 2019 | 652 | 0

Финляндия дүйнөлүк хоккей оюну боюнча дүйнө чемпиону болду. Алар чечүүчү финалдык беттеште канадалыктарды 3:1 эсебинде утуп алды.

Беттештин биринчи бөлүгүндө канадалык Ши Теодор гол киргизип эсепти ачты. Финндердин капитаны Аннтила экинчи жана үчүнчү бөлүктүн башталышында 2 гол киргизсе, финалдык беттештин аяк ченинде Харри Песонен гол киргизип, эсепти 3:1ге айландырды.

Финляндия курамасы ушуну менен өз тарыхында үчүнчү ирет дүйнө чемпионатынын алтын медалын жеңип алышты.

Канада экинчи орунду ээлеп, күмүш, ал эми Орусия курамасы Чехияны утуп, мелдештин коло байгесине татыды.

Copyright © 2017 Maral FM