Биз менен байланышыңыз

Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?

Блог | 1 Ноя 2019 | 3150 | 0

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальбергдин “Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?” (англисчесиFinnish Lessons 2.0: What Can the World Learn from Educational Change in Finland?”) аталышындагы китептин кыргызчасы бүгүн, 1-ноябрда жарык көрдү. Назарыңыздарга китептин кыргызчасына Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун баш сөзү сунулмакчы.

Бул китеп Паси Сальберг аттуу финляндиялык билим берүү адиси тарабынан жазылган. Дүйнө дүрбүсүндө турган PISA (Окуучуларды баалоонун эл аралык программасы, англисчеси Programme for International Student Assessment) сынагында сап башына чыккан фин билим берүү системасынын ийгилик сырлары эмнеде? Башка өлкөлөр кандай сабактарды ала алышат? Бул китепте ушул сыяктуу жүйөлүү суроолорго жооп таба аласыз. Бирок оңой жана жеңилжелпи жооптордун ордуна Финляндиянын түп өзгөчөлөгүн жана элинин алдыга умтулуучу духун талдап сунуш кылынат. Бул китептин англисчеден кыргызчага которулушу маанилүү жана кубанычтуу саамалык. Себеби учурда англис жана башка дүйнө тилдеринде билим берүү жаатында көптөгөн мыкты китептер жана илимий макалалар жазылып келүүдө. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү кыргыз тилдүү замандаштарыбызга жетпей жатат. Андыктан бул китепти замандаштарыбызга кыргыз тилинде тартуулоого белсенген кесиптештерим Бакытбек Абдуллаевге жана Элмира Абжапаровага терең ыраазылык билдиремин. Бул китеп өлкөбүздөгү билим берүү системасын сапаттык жактан жакшыртууда сөзсүз өз ордун табат деген аруу тилектемин. Китеп беш бөлүктөн турат. Финляндиянын билим берүү системасы, билим берүү саясатынын өтмүшү, билим берүү тармагындагы адистер жана билим берүү сапатын жакшыртуу боюнча башка өлкөлөргө үлгү боло турган иштери Финляндиянын өзүнөн чыккан адистин көз карашы менен ачык берилген. Паси Сальберг узак жылдар бою билим берүү тармагында иштеп келаткан, фин билим берүү системасынын ички сырларын жакшы түшүнгөн, билген адам. Ал киши менен эл аралык конференцияларда жолугуп,анын эл аралык билим берүү системасын мыкты өздөштүргөн адис экенин байкадым. Финляндиянын билим берүү системасы качантан бери белгилүү боло баштады? 2000-жылга чейин адистердин көпчүлүгү бул мамлекеттин билим берүү системасына көңүл бурушкан эмес эле. Кыска убакыттын ичинде эле алардын билим берүү системасына кызыгуунун өскөндүгүнүн негизги себептерине П.Сальберг кенен токтолгон. Финляндиянын атын чыгарган, башка мамлекеттерге үлгү кылган PISA сынагы 15 жашар окуучулар арасында ар үч жылда өткөрүлүүчү билим сынагы. Муну Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (OECD) иштеп чыккан, ага каалаган өлкөлөр ыктыярдуу түрдө катышат. Бул сынак дыкат иштелип чыккан жана ага катышкан ири жана чакан мамлекеттердин билим берүү системасынын кандай абалда экенин аныктап берет.

Биринчи жолу Финляндия окуучуларынын эң мыкты көрсөткүчү башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен кошо финдердин өздөрүнө да таң калыштуу болду. Сынакка катышкан мамлекеттердин арасынан заматта эң алдыңкы орунга ээ болушу дүйнө көңүлүн бурган окуя болуп калды. Аз убакыт ичинде дүйнөнүн ар тарабынан Финляндия кереметинин сырын үйрөнөбүз деген билим берүү туризми башталып, канча деген делегация биринин артынан бири Финляндияга келе баштады. Азыркы күндө бул сынак көп өлкөлөр үчүн маанилүү көрсөткүч болуп калды. Сынакка катышкан өлкөлөр өз натыйжаларын талдоого алышып, билим берүү системасын жакшыртууга аракет кылышат. Адистер ар кандай деңгээлдеги талкууларды өткөрөт, аналитикалык макалалар жазылат. Билим берүү системасынын кайсы тармагы реформага муктаж экенин аныкташат. Бул сынак тууралуу көптөгөн илимпоздор изилдөө жүргүзгөн жана анын натыйжасында билим берүү тармагында реформалар ишке ашкан. Мисалы, М. Карли деген илимпоз сынактын негизинде Норвегиянын өзүнүн окуу системасына реформа жүргүзүүнү аныктаган. Ал эми Л. Фигазоллонун иликтөөлөрү Франциядагы жана Германиядагы реформалар PISA жыйынтыктарына таянып жаткандыгын көргөздү. Ошентип, көптөгөн өлкөлөр PISA жыйынтыктарын талдап, өз билим берүү системасын жакшыртууга алгылыктуу кадам таштоодо. Биздин кыргызстандык окуучулар бул сынакка эки ирет: 2006 жана 2009-жылы катышкан. Тилекке каршы, эки жолу тең кыргыз окуучуларынын натыйжасы канаттандыраарлык болгон жок. Эң акыркы орунду ээледик. Бирок ошол сынакка катышкандан кандай сабак алдык, кандай пайда алып келди? Бул жөнүндө олуттуу иликтөөлөр дээрлик жокко эсе. Албетте, акыркы орунду ээлөө коомчулукта ар кандай пикирлер жаратты. Айрымдар биздин билим берүү системабыз өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине тең келе албайт деп айтышты. Анткени жумшалган ресурстар, шарттар ортосунда чоң айырма бар деген аргументти карманышат. Экинчилери болсо, бизде совет мезгилинен бери калыптанган күчтүү билим берүү системабыз бар. Азыркыга чейин биздин окуучуларыбыз дүйнөлүк олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болуп келе жатпайбы деген сунуштарын айтып, PISA жыйынтыгы менен макул эместигин да билдиришти. Ошол эле мезгилде биз күчтүү мектептерибизди тандап алып катыштыралы, алардын натыйжалары өнүккөн өлкөлөрдөн кем болбойт деген пикирди кармангандар да жок эмес. Кыргыз окуучулары начар көрсөткүчкө ээ болгондо, биздин билим берүү жетекчилерибиз да, көпчүлүк билим берүү туристтерине окшоп, Финляндияга учуп барышты. Эмне үйрөнсөк болот деп, алардын билим берүү системасы менен жакындан таанышып кайтышты. Кызык жери Паси Сальбергдин китебинде ошондой туристтердин келип кетишинин пайдасы жөнүндө да кеңири сөз козголот. Фин билим берүү системасын түшүнүү үчүн ушул китепти үңүлүп окуу сунушталат. Тажрыйбаны курулай көчүрүп, ийгиликке жетишүү мүмкүн эместиги баяндалат.

Китепте баса белгиленген Финляндиядагы өзгөчөлүктөр төмөнкүлөр. Биринчиден, финляндиялык ар кандай саясий же башка көз караштардагы жарандардын жана топтордун эң негизги маселеси болгон өлкөнүн бакубаттуулугу, келечекте Финляндиянын күчтүү мамлекет болуп өз жарандарынын бактылуу жана бакубат өмүр сүрүп жашоосу үчүн бир пикирге келип, бириге алуусу. Өз ара пикир келишпеген тараптар да фин жаштары сапаттуу билим алышы керек деген ойдо эч талашпай чогуу аракет кыла билүүсү. Экинчиси, финдер сырткы коркунучтар менен катаал жаратылыш шартында такшалып, өз күчүнө гана таянып, руханий жактан бекем иммунитетке ээ болгондо алга жыларына ишенишкен. Дагы бир өзгөчөлүк, Финляндияда билим тармагында эң кубаттуу кыймылдаткыч күч – бул мугалим экендиги абдан жакшы баяндалып жазылган. Күчтүү мугалим – күчтүү билим берүүнүн өзөгү. Жогору жактын көргөзмөсү менен чектелип иштегенден көрө чыгармачылык эркиндикте иштеген кесипкөй мугалимдер гана сапаттуу билим берери бул китепте жакшы жазылган. Анан дагы, финдердин калыс, адилет жана баарына тең болгон билим берүүнү курууга умтулуусу. Мисалы, алардын шаар менен айыл мектептеринин ортосунда билим сапаты жагынан чоң ажырым байкалбайт. Борбор калаа жана эң алыскы айылдагы мектеп ортосунда айырма өтө аз болушу – Финляндиянын эң чоң жетишкендиги. Бул жагынан Финляндия АКШ, Улуу Британия же Россияга окшогон ири өлкөлөргө да үлгү боло алат. Салыштырып кетсек, 2006-жылы өткөн PISA сынагындагы так илимдердин мисалын ала турган болсок, Бишкек шаарынын окуучуларынын орто баллы 430 болсо, ал эми айыл жердеги окуучулардын баллы 300 болгон. Ортодогу айырма 130 балл. Мунун жыйынтыгы: Бишкек шаары менен айыл жергесинде окуган окуучулардын билиминин ортосунда чоң ажырым бар. Демек, бул Бишкекте окуган окуучунун сапаттуураак билим алууга мүмкүнчүлүгү бар дегенден, ал эми айыл жеринде билим берүү сапаты жакшы эмес экенинен кабар берет. Өлкөбүздүн келечеги жөнүндө ойлонгон ар бир жараныбыз ушундай нерселерге көңүл буруп, өлкөбүздүн коопсуз жана калыс болуп өзгөрүүсүнө салым кошушу керек. Ушул сыяктуу талдоолорду адистер коомчулукка түшүндүрүп, маселени чечүү жолдорун сунушташы керек. Бул багытта коомубуз кесипкөй сунуштарга муктаж. Азыркы күндө Кыргыз Республикасы PISA сынагына 2024-жылы катыша турганы болжолдонууда. Бул сынакка жөн эле катышуу максат болбостон, сынактын жыйынтыктарына иликтөө жасалып, билим берүү сапатын оңдоого системалуу түрдө олуттуу кадамдарды ташташ керек. Сынактын жыйынтыгы кандай болбосун, биз билим берүү системабызга реалдуу карап, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен реформалык аракеттерди системалуу жана туруктуу жүргүзүүбүз зарыл.

Бул китеп дүйнөнүн алдыңкы сабында турган Финляндиянын билим берүү тажрыйбасын дагы жакындан таанууга, өзүбүздү талдоого жардамчы болот деген үмүттөмүн. Эң негизгиси, Финляндиядан PISA боюнча алдыңкы орунга чыкканды эмес, өз жарандарына камкор мамиле менен мыкты билим алуусуна шарт түзүп берүүнү үйрөнүүбүз керек. Ошол үчүн бул китепти Кыргызстандын билим берүүсү жана жалпы эле элибиздин келечеги жөнүндө ойлонгон ар бир жаранга сунуш кылам.

Дүйшөн Шаматов, Астанадагы Назарбаев университетинин профессору, билим берүүнүн доктору (Ph.D), билим берүүнүн отличниги

P.S Китеп тууралуу кенен маалыматты 0550666332 тел(вотсап) аркылуу ала аласыздар. “Фин керемети 2.0” китеп дүкөндөрдө сатыла баштады.

Copyright © 2017 Maral FM