Биз менен байланышыңыз

Токмок шаарында жергиликтүү кеңештин депутаты өлтүрүлдү

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 699 | 0

Чүйдүн Токмок шаарында жергиликтүү кеңештин депутаты өлтүрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы бүгүн кабарлады. Кечээ 17-мартта түнү милицияга 20-25 жаштардагы азият улутундагы адамдын каза болгон тууралуу маалымат келген. Милиция ыкчам териштирүү жүргүзүп, маркумдун өздүгүн аныктаган.

“Маркумдун өздүгү аныкталды. Ал Чүй облусунда бир партиядан талапкер болгон 29 жаштагы С.Т. болуп чыкты. Ошол эле күнү бычактан жаракат алган 30 жаштагы Ш.Т. боюнча билдирүү келип түшкөн”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Алдын ала маалыматка караганда Токмок шаарында 20-25 курактагы бир нече адамдар арасында жаңжал чыгып, ал мушташка чейин жеткен. Анда бирөө каза болгон. Дагы бири бычактан жаракат алып, ооруканага жаткырылганын Чүй шаардык милициясы билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM