Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Эл парламентти жана төраганы чабал деп баалаган

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Мар 2019 | 686 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде парламент укутарын туура пайдалана албай жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан парламенттик системага багыт алып баратканда экс-президент Алмазбек Атамбаев президенттик башкаруу системасын кайра түзүп алган. Азыркы бийлик дагы ошол жол менен кетип бара жатат.

Сулайманов Жогорку Кеңештин төрагасы менен парламенттин деңгээлине ар дайым ачык баа берерин белгилейт.

«Эл учурдагы төраганы жана парламентти эң чабал деп баа берген. Жеке мен дагы элдин баасына кошулам. Парламентте төраганы кетирүүгө кызыктар күчтөр бар болушу мүмкүн. Бирок анын ичинде «Бир бол» партиясы жок», — дейт Сулайманов.

Ал мындан сырткары, 2020-жылкы парламенттик шайлоого жакын КСДП коомго чоң таасирин тийгизерин белгиледи.

«КСДПнын ичинде талашуулар, бөлүнүүлөр болуп жатат. Жашоо — айланма. КСДП бүгүн башына келип жаткан иштерди убагында башка партияларга жасаган. Тагыраагы, Атамбаев баш болуп башка партияларды талкалашкан. Парламентке келген фракциялардын тизмеси боюнча башкаларды билбейм, «Бир болго» Атамбаев тараптан кийлигишүү болгон эмес», — дейт депутат.

Сулайманов буга кошумча, «Бир бол» партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого катышарын айтып, партия учурда да президент Сооронбай Жээнбековду колдоп жатканын ачык айтты.

Copyright © 2017 Maral FM