Биз менен байланышыңыз

Депутат: Коррупцияга каршы күрөш жеке адамдарга гана жүрүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Мар 2019 | 553 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде реформалар «чокулама» болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, сот реформасы алдыга жылбай жатат. Адилеттүү чечимдер кабыл алынбай жатат.

«Сот бийлиги адилеттүү чечим чыгарбаса экономикалык өсүш тууралуу тууралуу сөз кылбай койсо да болот. Бирок соттор мыйзам чегинде чечип жатканын айтат. Мыйзамда да карама-каршылыктар көп. Андыктан бардык мыйзамдарга ревизия жүргүзүү зарыл», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү мындан сырткары, коррупцияга каршы күрөш жай жүрүп жатканын белгиледи.

«Жалпы система менен эмес, жеке адамдар менен күрөш болуп жатат. 20 жыл мурда түзүлгөн система иштеп жатат. Ал өзгөрбөсө адамдар эски схема менен кайра эле пара ала берет. Паракорчулукка каршы жалгыз президент эмес, күч органдары кошо күрөшүшү керек. Ири сандагы мамлекеттик кызматкерлерди багууга бюджетибиз тартыш. Мындан улам алар мыйзамсыз жолдорго барып жатышат», — дейт депутат.

 

Copyright © 2017 Maral FM