Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Жээнбековду бийликке алып келгендиги үчүн элден кечирим сурады

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 743 | 0

Алмазбек Атамбаев Аксы окуясын эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө сөз сүйлөп жатып, азыркы бийлик бир катар кемчиликтерди кетирип жатканына токтолуп, Сооронбой Жээнбековду бийликке алып келгендиги үчүн элден кечирим сурады.

«Өмүр бою үй-бүлөлүк бийлик менен күрөшүп, ичин көрбөй, тышын гана көрүп ушундай адамды, ушундай үй-бүлөнү бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм. Мен дайыма өз катамды оңдойм. Мындай чындыкты дайыма айтам. Атамбаевди жок кылсак, саясаттан кетирсек деп жатышат. Мен айтып коёюн, Атамбаевди өлтүрүп салсаңар да Атамбаевге окшогон дагы 100 миңдеген адам чыгат,»-деди экс-президент Атамбаев.

Copyright © 2017 Maral FM