Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландия: Көз жумгандардын саны 49га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 990 | 0

Жаңы Зеландиядагы мечитке болгон кол салуудан 49 адам өлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн полициясынын жетекчиси Майк Буш билдиргенин New Zealand Herald гезити жазып чыкты.

Буга чейин мечитке болгон кол салуудан 40, ага чейин 27 адам өлгөндүгү айтылган болчу.

Окуя Крайстчерч шаарындагы Масжид ал-Нур мечитинде болгон.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бийлик төрт адамды кармаган. Террористтик актынын уюштуруучусу катары Австралиянын 28 жаштагы Брентон Тарант (Brenton Tarrant) аттуу жараны айтылып жатат. Ошондой эле анын психикалык жактан оорулуу экендиги да айтылууда. Чабуулдун алдында ал мигранттарга каршы көз карашын билдирип, манфест жазып калтырган. Анда «Бул террордук акт», деп жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM