Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Чек ара маселеси дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 452 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган талаштуу участкаларды делимитациялоо дана демаркациялоо жаатындагы жумуштар кечеӊдеп жатканын айтып, Өкмөт жана өкмөттөр аралык комиссиялар бул багытта көрүлө турган чараларды тездетиши керектигин белгиледи. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев фракция жыйынында билдирди.

«Акыркы 6 жыл аралыгында эле кыргыз-тажик чек арасында курал-жарак колдонулган 10 жаӊжалдуу окуя болду. Мындай кырдаалга өз маалында маани берилип, чек ара аймактарындагы талаш-тартыштар дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш. Мен өкмөт башчы менен кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча сүйлөштүм. Ушу тапта вице-премьер-министр менен ички иштер министри андагы абал менен жеринен таанышып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тажик тарап дагы тийиштүү чараларды көрөт деген ойдобуз», — деди фракция башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM