Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Ак-Сайда чыңалуу басыла элек

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 643 | 0

Кечээ ок атышуу болгон Ак-Сай айылында абал салыштырмалуу туруктуу. Түн тынч өттү. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын айыл башчысы Эркин Жолчуев “Маралга” билдирди. Анын айтымында, чек арада эки тарапта тең чогулган эл турат.

“Кечээ түштө болгон окуядан кийин салыштырмалуу тынч. Бирок кыргыз-тажик тарапта эл чогулган бойдон турат. Сүйлөшүүлөр ар кандай деңгээлде жүрүп жатат. Бирок жыйынтык чыга элек. Тажиктер да кыргыздар да бири-бирине агрессивдүү маанайда турушат”,- дейт ал.

Эске сала кетсек, кечээ 14-мартта саат 16:10до Ворух анклавынын жашоочулары менен Ак-Сай айылынын жашоочуларынын ортосунда куралдан ок атышуу болгон. Кыргыз тараптан бир милиция кызматкери бутуна ок жеп, бир жергиликтүү тургундун колуна ок тийген.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы чатак 13-мартта башталган. Анда ок чыгаруу болуп, бир кыргызстандык жаран жаракат алгандыгы кабарланган. Тажик басылмалары 1 тажикстандык каза таап, 20дай тургун жаракат алганын жазышкан.

Copyright © 2017 Maral FM