Биз менен байланышыңыз

АКШ: Конгресс «Өзгөчө кырдаалды» жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 999 | 0

АКШнын Эл өкүлдөр палатасы-конгресс президент Дональд Трамп киргизген «Өзгөчө кырдаалды» добушка салып, көпчүлүк добуш менен жокко чыгарды. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышты.

«Өзгөчө кырдаалды» жокко чыгаруу тууралуу резолюцияны колдоп 59 депутат добуш берсе, ага 40 киши каршы болду. Тактап айтканда, Трамптын жарлыгын өзүнүн партиялаштарынан 14 киши да жокко чыгарды.

Алар мындай кадамга америкалык демократияга доо кетишинен, президенттин парламентке таандык укукту тартып алышынан жана бюджеттин бүтундүгүнүн бузулушунан кооптонуп барганын билдиришти.

«Трамп өлкөдө өзгөчө кырдаал жаралганы үчүн эмес, парламентке өз айтканын кылдыра албай калганы үчүн өчөшүп мындай абал жарыялады»,-дешет парламентарийлер.

Ал арада парламенттеги добуш берүүдөн бир нече мүнөт өткөн соң президент Трамп өзүнүн Твиттер баракчасынан «ВЕТО» деген жазууну жарыялады. Демек, ал эми вето коюу укугун пайдаланат. Буга оппозициялык демократтар каршы туруусу оор болот, анткени ветону жокко чыгаруу үчүн конгресс менен сенаттын үчтөн экисинин каршы добушу керек болот.

Президенттин жарлыгын парламент добуш берүү аркылуу жокко чыгаруу жана кайрадан ал вето колдонгон жагдай АКШда биринчи ирет катталууда.

Эске салсак, Дональд Трамп өлкөнүн Мексика менен чектешкен түштүк чек арасына дубал өрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 5,7 млрд доллар бөлүүнү сурап, конгресс андан баш тарткан болчу. Буга байланыштуу өткөн жылдын соңунда Американын өкмөтүнүн жарымы иш таштап, тарыхтагы эң узун-35 күндүк «шатдаун» орун алган. Трамп 2019-жылдын бюджетине дубалдын чыгымын баары бир коштуруу үчүн «Өзгөчө кырдаал» киргизген болчу. Кантсе да парламенттеги 100 депутаттын 60ынын колдоосусуз бюджетти беките албайт. Анткени сенатта анын Республикалык партиясы 51 гана мандатка ээ.

Copyright © 2017 Maral FM