Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы чырга себеп болгон жол жөнүндө маалымат

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 1056 | 0

«Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулуш иштери 2013-жылы башталган. Узундугу 24,5 чакырым жолду куруу үчүн 606 миллион сомдук смета түзүлгөн. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги маалымдады.

Бүгүнкү күндө 165,5 миллион сомдук жол курулуп, тактап айтканда, Көк-Таш айылынын Ак-Сай айылына чейинки 13 чакырымдык жол курулушунун иштери жасалып бүткөн.

2018-жылы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен курулуш техникасы тартылып, Ак-Сай айылынан Тамдык айылына чейин чек ара кызматы тарапты көздөй бөлүгүнүн 4 чакырымы ашар жолу менен салынган.

9-март күнү Ак-Сай-Тамдык тилкесиндеги курулуш иштери улантылган. Курулушту улантуу үчүн жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен, 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор иштетилип жаткан.

Эске салсак, 13-мартта Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында жаңжал чыгып, таш ыргытып, ок чыгарууга чейин барышкан. Конфликтин келип чыгуу себеби катары Аксай-Тамдык айланма жолунун курулушу болгон. Учурда аймакта абалды турукташтыруу чаралары көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM