Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Чек арадагы үйлөрдү саттырбоо үчүн өкмөткө тапшырма бердик

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2019 | 846 | 0

Тажикстан менен чектешкен аймактагы кыргызстандыктардан өз жерин саткан жарандар да болгон. Мындан ары үйлөрдү сатууну токтотуу керек. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Таабалды Тиллаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калганда көпчүлүк жарандар үйүн сатып кеткен. Азыр андайга жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликке, органдарга талап коюлууда.

Чек арада жашаган айылдарга статус берилген. Бирок каражат бөлүнбөй калган. Эми каражат табуу үчүн өкмөткө бир жума убакыт бердик, — деди депутат.

Эл өкүлү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго да сунуш кылганын, ал жакында чек арадагы абал менен таанышууга барарын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM