Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 489 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кырдаалды жөнгө салууга жана эки мамлекеттин чек ара тилкелеринде абалды турукташтыруунун мындан аркы чараларын көрүүгө эки жактуу даярдык билдирилди.

Эки өлкөнүн премьер-министрлери белгилешкендей, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын биргелешкен иши жөнгө салынган жана окуяны биргелешип тергөө жүргүзүү жана чек арадагы кырдаалды эскалация кылууга жол бербөө чараларын көрүү макулдашылган.

Өкмөт башчылар ошондой эле мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигин активдештирүү боюнча белгилешти.

Окуя болгон жерге эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кырдаалды турукташтыруу боюнча ишин координациялоо үчүн Кыргызсандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Иброхим Азим барган.

Эске салсак, 13-мартта Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында жаңжал чыгып, таш ыргытып, ок чыгарууга чейин барышкан. Жыйынтыгында Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, бир үй жана бир Аudi  үлгүсүндөгү унаа өрттөлгөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM