Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Тажикстан чек арадагы жарандарына жакшы шарт түзгөн

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2019 | 613 | 0

Тажикстанда облус губернаторунун статусу жогору, калк бийликти угат. Ошол себептүү кыргыз тараптын айыл өкмөттөрү алар менен тыгыз байланышта болуп кырдаалдын алдын алса болмок. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Таабалды Тиллаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Көйгөйдү чечүүнүн дагы башка жолдорун сунуш кылды. Чек арага жакын жайгашкан жергиликтүү элдин пенсиясын көтөрүп, жеңилдиктерди берүү зарыл деп белгиледи.

-Тажик тарап элине көңүл буруп жатат. Түрдүү жеңилдиктерди берип, үй салууга жер бөлүп берген. Бизде да ушундай кадамдар жасалса, эл чек араны таштап көчүп кетмек эмес.

Эл өкүлү атайын кызматтардын маалыматтан артта калып жатканын да сынга алды. Ошондой эле чек арадагы чырга себеп болгон жол курулуп жаткан жер Кыргызстанга таандык экенин айтты.

Ал жерде оңдоо иштери жүрүп жаткан, чыр чыгып кетти. Ал жерге зым тартууга мүмкүнчүлүк жок. Бирок элди көчүрүп барса болот. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттө маселе бар. Өтө оор учурда биздин мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калган. Коңшу мамлекеттер күчтөнүп, өздөрүнүн күчүн көрсөтүүдө, — деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM