Биз менен байланышыңыз

Баткен: чакан аянттан мол киреше

Коом | 13 Мар 2019 | 832 | 0

Лейлек районунун Интернационал айылынын тургуну Илхамжон Токтобаев  4 жылдан бери күнөскана иштетет. 1 жыл помидор өстүрсө, экинчи жылы бадыраң өстүрүп түшүм алып келүүдө. Кесиби дарыгер болсо да каарман багбанчылык жана дыйканчылык менен алектенет. Жашылча жемишти азыктандыруунун сырларын жакшы өздөштүргөндүктөн күнөсканадан мол түшүм алат.

-Жыл сайын түрдүү сортторду алмаштырып өстурүп келем. Башында билбегендиктен чоң сортту өстүргөм. Ал базарда анча өтүүмдүү болбойт экен. Ошондуктан сөзсүз бир агроном менен тыгыз байланышта иш алып барыш керек экен. Андан сырткары өсүмдүктөрдө да жаңы оорулар пайда болуп жатат. Ошон үчүн агрономдон кеп-кеңеш алып иш жүргүзөм. Күнөскана иштеткенде дагы сууну өз убагында бериш керек. Сууну көп берген да болбойт. Ошондуктан мен тамчылатып суугаруу ыкмасын пайдаланам.

Дыйкандын айтымында помидор башка жемиштерге салыштармалуу көбүрөөк жылулуукту талап кылат. Тез жетилүүсү да ысыктан көз каранды. Андыктан күнөскананын ичиндеги температураны  бирдей калыпта кармоого туура келет. Бул жердеги күнөсканын жалпы аянты 7 сотых. Аталган аянттан жалпысынан каарманыбыз 7-8 тонна түшүм алууга болот дейт. Тажрыйбасына таянып бул жылы помидордун өзгөчө сортун өстүргөн. Өзбекстандан голландия сортун алып келген. Учурда помидор бышып сатыкка чыгууда. Дыйкан килограммын 130 сомдон сатууда. Бир жылда 400 миң сомго чейин пайда алган каарманыбыздын  тапкан кирешеси үй-бүлөлүк бюджетин толугу менен камсыздайт.

-Канчалык сорту жакшы болсо, ошончолук баасы да жогору болот. Учурда килограммын 130 сомдон сатып жатабыз. Өзүбүздүн атайын кардарларыбыз бар үйгө келип алып кетишет. Базарга чыгып отурбайбыз. Киреше жакшы, иштесе болот. Эң негизгиси аракет кылыш керек. Күнөсканадан түшкөн каражатка балдарымды жогорку окуу жайларда окутуп жатам.

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы деңиз денгээлинен 640 метр бийиктикте жайгашкан. Бул аймакта жаз эрте келет. Интернационал айылынын башчысы Мурзабек Жумабаевдин айтымында аймактын калкы дыйканчылык менен алектенип күнөскана иштетүүнү жакшы өздөштүргөн. Күнөсканаларда жашылча жемиштин баардык түрү өстүрүлөт.

-Биздин аймакта күнөскана жакшы жолго коюулуп калды. Күнөсканада жашылча-жемиштердин баары бышып жатат. Ишкерлер өзүбүздүн базарларга же болбосо кошуна Тажикстанга да сатып жатышыт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында күнөскана куруп иштеткен  ишкерлердин саны өсүүдө. Чакан аянттан мол киреше алган ишкерлердин саны учурда 350гө чукулдап калды. Ал эми күнөсканалардын жалпы ээлеген аянты 15 гектардан ашат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM