Биз менен байланышыңыз

Баткен: 23 бала камкордукка алынды

Коом | 13 Мар 2019 | 812 | 0

”Баткен ыйман нуру” коомдук фондунун демилгеси менен Баткен шаарындагы 23 атасы да, энеси да жок жардамга муктаж баладарды бала багып алууга, толук кандуу тарбия берүүгө мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер кароого алышты. Башкача айтканда мындан ары ал ата-энелер өздөрүнө алган уул же кызды камкордукка алып, материалдык жана моралдык жактан ата-эне катары карап турушат. Ал балдар өз жакындары менен жашайт. Бирок камкордурка алган ата-энелерда ар тараптан салым кошуп турушат.

Бүгүн Токсейит Дыйкановдун үй-бүлөсүндө өзгөчө кубанычтуу күн. Анткени анын буга чейин 1 кызы болгон болсо, дагы бир кыздуу тагыраагы өкүл кыздуу болушту. Бул үй-бүлөгө ата-энесинен ажыраган уул кыздарды асырап, өкүл уул кыз кылып камкордукка алуу жөнүндө «Баткен ыйман нуру» коомдук фонду сунуштаган.  Алар кубануу менен кабыл алып, бүгүн  минтип Мысыраткан аттуу кызды үй-бүлөлүк камкордукка алып олтурушат.

-Апыз Кочкорув айтканда абдан кубануу менен кабыл алдым .Биздин 1 кызыбыз бар. Аялым экөөбүз кеңешип дагы бир кыздуу болууну чечтик. Буюрса бул кызга да өзүбүздүн кызыбыздай таалим тарбия берип, бардык муктаждыктарын чечкенге аракет кылабыз. Келечекте элдин керегине жарай турган илимдуу, билимдуу адис кылып чыгарабыз деп убада бердик.

Бул үй-бүлө сыяктуу эле Байматовдордун үй-бүлөсү да бүгүн өкүл уулду болушту. Мындай жакшы саамалыкка себепкер болгон ата-эне кубануу менен кичинекей Эрдөөлөткө келечекте татыктуу таалим-тарбия берип тарбиялайбыз деп өздөрүнө жоопкерчиликти алып турушкан чагы.

-Кудай буюрса баланын тарбиясына өзгөчө көнүл бөлүп, жакшы тарбия беребиз деп үмүттөмүн. Эрдөөлөттү өзүбүздүн кызыбыз менен чогуу тарбиялайбыз.

Баткен облусунда жаңыдан эле ишин баштаган “Баткен Ыйман нуру” коомдук фонду буга чейин шарты жок жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын сүнөткө отургузуу жөрөлгөсүн уюштуруп келген. Эми мынтип ата-энесинен толук ажыраган  балдарга татыктуу тарбия, мээрим ошондой эле материалдык жана моралдык жактан көмөк берүү максатында бул демилгени көтөрүп чыгышты. Фонддун жетекчиси Апызалы Кочкоровдун айтымында балдарды асырап алууда райондогу үлгүлүү үй-бүлөлөр гана тандалып алынган. Анкени коомдо өз орду бар үлгүлүү үй-бүлөлөр камкордукка алган уул кыздарга  татыктуу тарбия  берүү менен бирге аларга ар тараптан камкордук көрсөтүшмөкчү.

-Материалдык жактан эле жардам көрсөтпөстөн, алардын тарбиясына да көңүл буруу керек. Келечекте коомго пайдасы тийген жакшы адамдар чыкса экен деп ушул идеаны ойлоп чыктык. Юридикалык жактан аталык, энеликти ошол багып жаткан туугандарында эле калат. Кандайдыр бир жардамдар болсо ошолор эле ала берет. Ал эми бул өкүл ата, өкүл энелер болсо тарбия жагынан көзөмөлгө алып, балдары менен чогуу өстүрүп, чогуу эс алууга чыгып дегендей. Жашоосундагы жакшы көз ирмемдерди берсе деген ойдобуз.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун  аймагынан  жалпы 145 бала ата-энесинен толук ажыраган балдар болуп саналат.  “Баткен Ыйман нуру” коомдук фонду тарабынан бүгүн алардын 23ү өкүл ата, өкүл энелуу болушту. Мындан ары бул саамалык облустун башка райондорунда да уюштурулмакчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM