Биз менен байланышыңыз

Рамос: «Кызмат» — дүйнө коомчулугу үчүн чоң үмүт жараткан кыймыл

Дүйнө | 14 Мар 2019 | 1638 | 0

XVI Эл аралык тил жана маданият фестивалы кайрадан өтө баштады. Фестиваль АКШнын борбор калаасы Вашингтондун артынан эле Нью-Йорк шаарында да болуп өттү. Queens college colden auditorium’да уюштурулган иш-чарада Нью-Йорк Ассамблеянын мүчөсү Фил Рамос да сөз сүйлөдү.

— Бул жердеги жаштарды карагылачы, окуучулардын баары дүйнөдөгү «кызмат» мектептеринин балдары. Алар бийик максаттарды орундатуу үчүн фонд түптөп, мектептерди ачып жатышат. Ошондой эле мусулман коомчулугунан сырткаркы түрдүү маданияттарга да кол сунуп жатышат.

Рамос «Кызмат» дүйнө коомчулугу үчүн чоң үмүттөрдү жараткан кыймыл экенин айтат.

«Кызмат» — дүйнө, өзгөчө мусулман коомчулугу үчүн чоң үмүт жараткан кыймыл. Себеби алар дүйнөнүн бардык жеринде зомбулук айлампасын жоюунун муктаждык экенин түшүнүшөт. Репрессиячыл өкмөттүн өлкөнүн бир бөлүгүнө зумулдук кылып, анын артында калктын дагы да аёосуз зомбулукка каршы күрөшүүсүнүн натыйжасында кутулгус кыйынчылыктын айлампасында калды. Биз токтото алабыз. «Кызмат» кыймылы зулумдукка кабылганда, ага каршы гумандуу мамиле жасап, зулумдук менен күрөшүп жатат.

«Кызмат» кыймылынын мүчөлөрүнө карата жасалган мамилелерге дагы токтолгон Рамос залдагы көрүүчөргө төмөнкүдөй кайрылуу жасады.

 «Кызмат» кыймылы азыркы тапта абдан оор кырдаалдан өтүп жатканын билем. Зулумдук абдан көп. Көптөгөн адамдар үй-бүлөсүнөн ажыроого мажбур болуп жатышат. Бирок тарыхка кайрылсак, колунда эч кандай күчкө ээ болбогон адамдар ири өзгөрүүлөгө себепчи болушкан. Ал өзгөрүүнүн жолу жакшы ниет, жакшы адеп жана башкаларга кол сунуу аркылуу өтөт. Суранайын, бул жерде отургандардын баары ордунан туруп, колун көтөрүп, мен айта турган сөздөрдү кайталай алабы? Айырмачылыктарды белгилөө, гумандуу мамиле жасоо — менин жоопкерчилигим. Дүйнөгө тынчтык орнотуу жана «Кызмат» кыймылын колдоо жоопкерчилиги менин колумда. Эми, Эл аралык тил жана маданият фестивалы үчүн бир кол чаап койсоңуздар!

Нью-Йорктун депутаты Дэвид Витрин да иш-чарага катышты. Ал өз сөзүндө Эл аралык тил жана маданият фестивалынын негизги максатына токтолду.

Ал арада Нью-Джерси штатынын адам укуктары боюнча комиссиясынын мүчөсү Джоан Ривитц Грецияда «Гүлен» кыймылынын өлкөсүн таштап кетүүгө мажбур болгон мүчөлөрүнө жасаган иш сапары тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

— Качкындар жашап жаткан оор шарттарды көрдүм. Ал жактагы айрым эл өкүлдөрү менен бирге болчум. «Кызмат» үй-бүлөлөрү менен жолугуштум. Кичинекей наристелерди кучагыма алып, жүрөгүнүн кагышын сездим. Күнөөсүз жүздөрүнө, көздөрүнө тигиле карадым… Аларды күнөлүү деп айыптап жатканын сиздерге айтып берүүдө ыйлагым келип жатат. Алар биздин жардамга муктаж болгон адамдар, көңүл буруп, абалын билүүгө муктажбыз.

Эл аралык тил жана маданият фестивалынын бул жылкы темасы «Адилеттүүлүк жана жалпы адам укуктары» деп аталган. Окуучулар тарабынан даярдаган сахналык көрүнүштөргө, камактагы апалар менен бөбөктөргө арналган ырларга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын демөөрчүсү NBA баскетбол командасынын оюнчусу Энес Кантер фестивалга катышкандарга ыраазычылыгын билдирди.

— Урматтуу эжелерим, байкелерим жана сүйүктүү бир туугандарым. Аллах баарыңыздардан ыраазы болсун. Себеби сиздер сыяктуу оопалуу адамдарды сагыныптырбыз.

Copyright © 2017 Maral FM