Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Сот реформасына президент жооп берет

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2019 | 926 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде сот реформасына президент Сооронбай Жээнбеков жооптуу экенин билдирди.

Анын айтымында, президент кааласа сот рефомасын жасайт, каалабаса жасабайт. Жээнбеков сот реформасы боюнча саясий жоопкерчилик анын мойнунда экенин беш колдой билет.

Ал эми соттордун чечими экономикага түздөн-түз таасир этет. Судьялар адилеттүү болсо, коом да адилеттүү болот. Мындай коомго инвесторлор өзү келет.

«Өлкө экономикасына өкмөт, мыйзамдарга парламент жооп берет. Жогорку Соттун судьяларын кызматтан алып коюу парламенттин колунан келбейт. Мындайда сот реформасына президент жооп берет. Өлкө башчы туура эмес келген сотторду дайындабай койсо болмок. Андыктан сот реформасына саясий жоопкерчиликти тикелей президент өзү алышы керек», — дейт Шыкмаматов.

Анын билдиргенине караганда, соттор жоопкерчиликтин жоктугунан улам мыйзамсыз чечимдерди чыгарышат. Алардын жоопкерчилигин кайтаруу үчүн мыйзамдык механизмдер керек. Алсак, Жогорку соттун судьялары окшош иштер боюнча бирден токтом чыгарып, чыккан чечимдерди көзөмөлгө алса соттордун жоопкерчилигин 30%га көбөйтмөк.

«Судьялар бара-бара адилетсиз чечим чыгарууга көнүп алат да, өлкө башчы “тозокко түшөсүңөр” десе кол чаап калышат. Мыйзамсыз чечим чыгарган сотторду бул дүйнөдө да «тозоктун» оозуна алып барып келиш керек.  Соттордун билими жетиштүү, болгону система туура эмес түзүлүп калган. Эч бир басымга карабай таза чечим чыгарган судьялар бул жакта «тозокко» түшсө да, тиги дүйнөдө бейишке бармак. Куран китебин карматып жоопкерчиликке тартуу ыймандуу судьялардын таза иштешине жардам бермек. Бирок ыйманы жокторго таасир этпейт», — дейт эл өкүлү.

Эске салсак, 11-мартта судьялардын XI курултайы өткөн. Анда президент соттор менен жолугушуп, айрым судьялардын чечимдерин сынга алган.

Президент: “Мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын жогорулатуу – сот адилеттигине көз каранды”  

Copyright © 2017 Maral FM