Биз менен байланышыңыз

Президент: “Мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын жогорулатуу — сот адилеттигине көз каранды”  

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 1631 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө Сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга көбөйүп жатканын айтып жатып, мугалимдер менен медиктердин маянасы да сот адилеттигине көз каранды деди.

Бул тууралуу өлкө башчысы бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында белгиледи.

Маселен Сот тутумуна республикалык бюджеттен 2019-жылга карата — 2 млрд 154 млн 617 миң 100 сом бюджет каралды, 2018-жылга салыштырмалуу бюджеттин өсүшү 38,5 пайызды түзөт.

“Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бөлүнүүдө. Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өскөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта”, — деп айтылат өлкө башчынын сөзүндө.

Copyright © 2017 Maral FM