Биз менен байланышыңыз

Суракматов 8-марттагы фестиваль боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 426 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 8- мартта өткөрүлгөн фестивал боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал өз билдирүүсүндө Эл аралык аялдардын күнүнө карата “Аялдарга жана кыздарга каршы зомбулук менен күрөшүү” фестивалында шаардык мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өткөнүн билдирди.

«Конституция боюнча эч ким жынысы, расасы, тили, улуту, туткан дини, курагы, саясий же башка ишенимдерине, тегине, мүлктүк абалы ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланбайт. Мыйзам боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «Тынч чогулуштарды» уюштурууга жана тынч жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Ошол эле учурда «Тынч чогулуштардын» өтүүчү ордуна, убактысына тыюу салуу укугуна ээ эмес«,-деди шаар мэри Суракматов .

Ошондой эле Азиз Суракматов Укук коргоо органдарынын 8-мартта өткөн фестивалда тынчтыкты жана тартипти сактоосуна өзү жоопкерчиликти алганын кошумчалады.

Бишкек шаардык мэриясы жана Укук коргоо органдары тынчтык жүрүшүндө өздөрүнүн милдеттерин толук аткарды. Ошондой эле шаар өз убагында тазаланды.

Copyright © 2017 Maral FM