Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу 1-апрелде аяктайт

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 601 | 0

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин өз убагында тапшырууга чакырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар декларацияны электрондук түрдө гана толтурууга жана катталган жери боюнча салык органына тапшырууга милдеттүү. Бул декларацияны толтуруу жана тапшыруу процедурасын гана эмес иштеп чыгууну да бир кыйла жеңилдетет.

Мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмесин жарыялай баштайт, ал ошондой эле прокуратура органдарына да берилет.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан тышкары, жеке ишкерлер, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

 

Copyright © 2017 Maral FM