Биз менен байланышыңыз

Аравияда кырсыктаган Асланайым коомчулукка кайрылды

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 1659 | 0

Сауд Аравиядагы Camel Fest этнофестивалга даярдык учурунда кырсыкка кабылып, бутун сындырып алган кыргызстандык Асланайым Аширова бүгүн операцияга киргени жатат. Бул тууралуу ал бүгүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Операция Бишкек убактысы боюнча саат 11:00гө белгиленген.

Асланайым «Фейсбуктагы» баракчасында окуяда “Асланайым атка өз алдынча минген” деген маалымат айтылганына нааразы экенин билдирген. Асланайым кырсык болгонун, эми анын жоопкерчилигин мойнуна алуудан баары качып жатканын айткан.

Жаачы кыз Асланайым окуяны мындай баяндаган “мен кесиптештери менен улуттук оюндарыбызды даңазалайлы деген адаммын. Мен атта кадимки машыгуудагы ылдамдыкта, машыгуучу жолдо бараткам. Жолумдан атчан кыз чыккан, сол тарапта Шейхтин унаасы жана бир аял турган. Ал кыздын жапа чегип калбасын деп мен болгон аракетим, болгон күчүм менен аттын башын бурганга аракеттендим. Жолдон чык! деп кыйкырдым. Натыйжада менин бутум сынды. Калганы эсимде жок.  Эсиме келгенде да жанагы кыз жапа чеккен жокпу? деп сураптырмын”,- дейт ал.

Асланайым оорудан аябай кыйналып жатканын, ага карабай чыдап, буюрса операциядан аман чыгып, бутуна туруп, дагы мыкты оюндарды көрсөтүү ниети бар экенин билдирген. Ал ошондой эле кыйын учурда ар тараптан колдоп жаткан мекендештерине ыраазычылык айткан.

Copyright © 2017 Maral FM