Биз менен байланышыңыз

ИИМдин жетекчилик кызматтарындагы аялдардын үлүшү төмөндөдү

Кыска кабар | 10 Мар 2019 | 504 | 0

2019-жылдын башында Ички иштер органдарында иштеген аялдардын үлүшү 2014-жылдагы көрсөткүчкө жетти, башкача айтканда 13 пайызды түздү. Бул тууралуу  «Кайра түзүүлөр жана жыйынтык үчүн» граждандык союзу билдирди.

Акыркы төрт жыл ичинде Ички иштер органдарында эмгектенген аялдар 12% дан ашкан эмес. Ал эми 2019-жылдын башында квалификациялуу аял кызматкерлер, башкача айтканда түздөн-түз укук коргоо органдарынын иш-чараларын жүзөгө ашырып жүргөн аялдардын саны өскөн.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жалпы санынын 6,5 пайызын түзгөн. Бир жыл мурун бул сандар 0,2% пайызга аз болчу. Ал эми 2017-жылы милиция кызматкерлеринин 6% ын гана түзгөн.

Бирок, Ички иштер органдарынын жетекчилик кызматтарындагы аялдардын үлүшү 2015-жылдан бери азайып, жетекчилик структурасында иштеген аялдардын саны 7,4% ды түзгөн. 2019-жылдын 1- январына карата алынган маалымат боюнча  алардын саны болгону 5,2 пайызды көрсөттү.

Жетекчи аялдардын пайызы 2016-жылдан кийин бир кыйла төмөндөгөн: 7,1% дан  4,9% га чейин

Copyright © 2017 Maral FM