Биз менен байланышыңыз

Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө Кубогун утту

Кыска кабар , Спорт | 9 Мар 2019 | 755 | 0

Мекендешибиз Дастан Лепшаков бүгүн 9-мартта Орусиянын Москва шаарында бильярддын «кураштырма пирамида» боюнча дүйнө Кубогу мелдешин жеңип чемпион болду. Оюндун жүрүшүн duplet.news онлайн көрсөттү.

Чечүүчү финалдык беттеште мекендешибиз Дастан атаандашы орусиялык Артем Баловду ишенимдүү түрдө 6:2 эсебинде утуп алды.

Кыргыз бильярчысы кечээ жарым финалда дагы бир орус спортчусу Леонид Швыряевди утуп финалга чыккан. Чейрек финалда Дастан Лепшаков дагы бир кыргызстандык кий чебери Камолиддин Есиддиновго кез келип, аны мелдештен четтеткен.

Плей-офф баскычта болсо, орусиялык үч бильярдчыны жеңген эле. Дастан мелтешти тандап алуу турунан баштаган, анда Азербайжандык спортчу Валеха Бадалов уткан.

Мелдеш 4-мартта башталган. Анда кыргызстандык 12 кий чебери катышкан болчу.

Камолиддин Есиддинов менен Азиз Мадаминов 5-орунду камсыздашты.

Copyright © 2017 Maral FM