Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова жаштар арасында Азия чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 11 Июл 2019 | 1037 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова жаштар арасында Азия чемпион утуп, алтын медаль тагынды. Муну менен ал Жаштар арасында Азия чемпионатын удаасы менен экинчи ирет утту.

Мелдештин финалында Мээрим жапониялык Rin MIYAJI менен күрөшүп, 8:6 эсебинде жеңип алды.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча чемпионат Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат.

68 кг салмакта күрөшкө түшкөн учурдагы Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова чейрек финалдан күрөшүп, Таиланддык Yarinda AIRLANG’ны 55 секундада таза техникалык артыкчылык менен утту.

Жарым финалда кытайлык балбан кыз Xin LI менен таймашып, 8:1 эсебинде жеңишке ишенимдүү жетип, финалга чыккан.

Кыргызстандык дагы бир балбан кыз Назира Марсбек кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын утту. Ал 59 кг салмакта күч сынашып, финалда индиялык балбан кыз Anshu ANSHU’га жеңишти алдырып жиберди.

Copyright © 2017 Maral FM