Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова дүйнө рейтингинде №1 балбан кыз болду

Кыска кабар , Спорт | 28 Сен 2019 | 712 | 0

Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова мыктылардын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бул көрүнүш Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жаңыланган рейтингинде аныкталды. Айсулуу карьерасында мындай бийиктикке алгачкы жолу жетти.

Жаңы рейтинг Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен чыгарылган. Айсулуу 62 кило салмакта дүйнө чемпиону болгон.

Дүйнө биринчилигинен кийин анын топтогон упайы 94кө жетип, Айсулуу ишенимдүү түрдө биринчи сапка чыкты. Болгариялык Тайбе Мустафа Юсейн 76 упай менен экинчи орун болду. Ал эми Нур-Султандагы мелдеште коло байгеге татыган швециялык Хенна Катарина Йоханссон 57 упайы менен үчүнчүгө жайгашты.

Copyright © 2017 Maral FM