Биз менен байланышыңыз

Волейбол боюнча кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты башталды

Кыска кабар , Спорт | 3 Фев 2020 | 692 | 0

Бүгүн, 3-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда айымдар арасындагы кошуундар ортосунда волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Быйыл чемпиондук үчүн сегиз кошуун күч сынашат. Алар:Дордой, Салам-Алик, Нарын, Ала-Тоо, Улар, ЛИМА, Билим жана Ош-Датка.

Кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты үч айлампада өтүп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат. Экинчи айлампа 9-марттан 15-мартка чейин, ал эми үчүнчү айлампа 15-июндан 21-июнга чейин өтмөкчү.

Үч айлампанын жыйынтыгы менен I, II, III орунду ээлеген кошуундар менен оюнчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын тиешелүү деңгээлдеги медаль жана диплому менен сыйланат.

Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан волейбол федерациясы менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Биринчи айлампанын оюндарынын жүгүртмөсү:
3-февраль
10:00 «Салам-Алик» — «Нарын»
11:30 «Дордой» — «Ала-Тоо»
13:00 мелдештин ачылыш аземи
13:30 «Улар» — ЛИМА»
15:00 «Билим» — «Ош-Датка»
4-февраль
10:00 «Улар» — «Билим»
11:30 «Дордой» — «Ош-Датка»
13:00 «Нарын» — «ЛИМА»
14:30 «Салам-Алик» — «Ала-Тоо»
5-февраль
10:00 «Ала-Тоо» — «Ош-Датка»
11:30 «Нарын» — «Билим»
13:00 «Дордой» — «Улар»
14:30 «Салам-Алик» — «ЛИМА»
6-февраль
10:00 «Нарын» — «Дордой»
11:30 «Ала-Тоо» — «Улар»
13:00 «ЛИМА» — «Билим»
14:30 «Ош-Датка» — «Салам-Алик»
7-февраль
10:00 «ЛИМА» — «Дордой»
11:30 «Ала-Тоо» — «Нарын»
13:00 «Салам-Алик» — «Билим»
14:30 «Ош-Датка» — «Улар»

Copyright © 2017 Maral FM