Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова бүгүн Дүйнө чемпионатында күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 18 Сен 2019 | 2613 | 0

Кыргызстандык балбан кыз, Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 19-сентябрда Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионатта күрөшкө чыгат. 62 кило салмакта күч сынашкан балбан кыз 16/1 финалда мексикалык Алехандра Ромеро Бонилла менен күрөшөт.

Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтында айтылгандай, бул кармаштын жеңүүчүсү кийинки айлампада Япония менен Германиянын спортчуларынын таймашында жеңген балбан менен күрөшөт.

Мелдеште биринчиден бешинчи орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет. Беттештерди «unitedworldwrestling.org» сайты түз алып көрсөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM