Биз менен байланышыңыз

Орусия волейболчулары Улуттар Лигасынын чемпиону!

Кыска кабар , Спорт | 15 Июл 2019 | 670 | 0

Орусиянын волейбол боюнча эркектер курамасы быйылкы Улуттар Лигасы мелдешинин чемпиону болду.

Волейбол боюнча престиждүү мелдештин финалдык беттешине Орусия АКШ курамасын 3-1 (25:23, 20:25, 25:21, 25:20) эсебинде утуп алды.

АКШ оюнчусу Тэйлор Сэндер жалпысынан 20 упай топтоп беттештин эң натыйжалуу оюнчусу болду.

Орусия курамасынын оюнчусу Дмитрий Волков 17 упай топтоду.

Башкы машыктыруучу Туомас Саммельвуо жетектеген Орусия курамасы мелдештин тайпалык этаптарында жалпысынан 15 беттеш өткөрүп, анын 12син жеңип турнирдик жадыбалда үчүнчү орунду ээлеген болчу.

Орусия курамасы ушуну менен Улуттар Лигасы мелдешин экинчи ирет удаасы менен жеңип алды.

Улуттар Лигасынын коло байгеси үчүн таймашта былтыркы чемпион Польша Бразилия курамасын 3:0 (25:17, 25:23, 25:21) эсебинде жеңип алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM