Биз менен байланышыңыз

Орус биатлончулары допингден таза чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 856 | 0

Австриянын прокуратурасы Хохфильцен шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышып жүргөн орусиялык биатлочулардан шектенип, допинг (кызытуучу химиялык зат) колдонуп-колдонбогондугун текшерүүгө алышкан. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

14-декабрда айыпталуучулардын жактоочусу Австриянын прокуратурасы менен жолугуушуу өткөрүп, маселени тактап чыккан. Орусиянын тышкы иштер министрлиги жана Австриядагы элчилиги маалымдагандай орус спортчуларына каршы бир дагы далил келтирилген жок. Буга байланыштуу орусиялык биатлончулар биринчиликке катышуусун улантып жатышат.

Шектелген он спортчунун арасында учурда Австралияда мелдешке катышып жаткан Александр Логинов, Евгений Гараничев жана Ирина Старых бар. Ал эми курамага кирбеген Антон Шипулин менен Алексей Волковду да шектүү катары текшеришкен.

Логинов, Гараничев жана Шипулиндер өздөрүнүн социалдык баракчасынан текшерүүдөн таза чыккандарын жарыялашты.

 

Copyright © 2017 Maral FM