Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова: Ар бир мелдешке чоң жоопкерчилик менен барам

Спорт | 2 мая 2019 | 1198 | 0

Кытайдын Сиань шаарында өткөн 2019-жылдагы Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта чемпион болгон кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга келери менен кайра машыгууга киришти. Ал 2019-жылдагы Дүйнө чемпионатында жана 2020-жылы Токидо өтүүчү Олимпиада оюндарында байге утуп келүүнү максат кылууда. Мындан улам, Айсулуу бир да мүнөт убактысын текке кетирбей, билек түрүнө даярданып жаткан чагы. Ал тургай, маалымат каражаттарына чыгуудан да карманууда. Антсе да, өтүнүчүбүздү четке какпай, Азиянын үч жолку чемпиону, кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова «Марал» радиосуна маек куруп берди.

 -Айсулуу, Азия чемпиону болушуң менен куттуктайбыз! Жеңишиңди кимге арнадың?

— Мен өзүмдү Кыргызстандын мекенчил инсанымын деп эсептейм. Ошондуктан, ар бир ийгилигим, уткан ар бир жеңишим жалпы мекендештерге арналат.

-Беттештин биринчи бөлүгүндө 6:1 эсебинде жеңилип жаткан элең. Атаандашың партерде тоголотуп кеткен ыкма (накат) жасаганда, машыктыруучуң «Бошобо! Бошобо!» — деп кыйкырганына карабай, сен жапон кыздын жасаган ыкмасына оңой эле моюн сунуп бердиң, же сырттан караган кишиге ошондой көрүндүбү?.. Сурайын дегеним, ошондо сага «Жапон кызы күчтүү экен, баары бир жеңилет окшойм?» — деген алсыз ой келген жокпу?

— Чынын айтайын, мага андай ой келген жок. Эгер ошондой ой 1 эле пайыз келип, өзүмдүн психологиялык даярдыгымды бошотуп жиберсем, анда сөзсүз утулмакмын. Финалдык беттештин экинчи бөлүгүндө бир да упай ала алмак эмесмин. Утарыма толугу менен ишенип тургам.

— Демек, психологиялык жактан даярдыгың мыкты болгон экен да?..

— Эми мен мындай ири мелдештерде алгачкы жолу күрөшүп жаткан жокмун. Мындайларга көп эле жолу катышып келгем да. Ошондуктан, өзүмдүн деңгээлим канчалык экенин билем. Финалда көп деле кооптонуп, тынчсызданган жокмун, анткени, утарымды билгем. Өзүмдү катардагы эле мелдеште күрөшүп жаткандай сезип турдум. Кадимки залда машыккандай күрөштүм.

— Экинчи бөлүктө өжөрлүк кылып, жеңишке болгон эркиңди көрсөтө алдың. Башкача күрөштүң. Буга бүтүндөй Азия чөлкөмү күбө болду. Тыныгууда машыктыруучу уруштубу, же катуу сындарды айттыбы?

— Эки бөлүктүн ортосунда 30 секундалык тыныгуу берет да. Муну айрымдар эс алуу деп эсептешет. Бул убакытта сен машыктыруучу менен күрөштүн жүрүшүн, тактикалык жолдорду талкуулайсың. Биринчи бөлүктө буттан алып күрөш жүргүзүү планы бар болчу. Мен ал планды ишке ашыра албадым. Бир катар аракеттерим текке кетти. Ошондуктан, машыктыруучум Нурбек Изабеков экинчи бөлүктө белден өйдө алып күрөш деген башкача көрсөтмө берди. Тактиканы таптакыр алмаштырып күрөштүм эле… (күлүп) натыйжасы ийгиликтүү болду.

— Кээде мелдеште утсаң деле, атаандаштар татыктуу болбогону үчүнбү, баары бир утмакмын дегендей, көңүлүңдө анча деле сүйүнүч болбойт. Кээде мелдеште фаворит дегендердин баарын утуп аласың. Аябай кубанасын. Сурайын дегеним, ар башка салмакта үчүнчү ирет Азия чемпионатын уттуң. Үч жеңиштин кайсынысы сен үчүн оор жана сүйүнүчтүү болду?

— Ар бир салмактын өзүнүн кыйынчылыктары болот. Кандай гана жеңиш болбосун, талыкпаган эмгек менен келет. Кандай гана мелдешке катышпайын, зор жоопкерчилик менен барам. Эсимде калган эң сүйүнүчтүү жеңиш деп, 2013-жылы Таиландда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатындагы жеңишимди эсептейм. Анда 19-22 жаш арасындагылар күрөшкөн. Ал кезде 21 жашта болчумун. Ошондо өзүмө теңдүүлөр арасында чемпион болгонума аябай сүйүнгөм.

— Өзүңдүн алсыз жагыңды кайсы деп эсептейсин? Ушул ыкманы мыкты өздөштүрүшүм керек, 4 упай алып келчү ыкмаларды, партерден күч менен жасалчу түрдүү ыкмаларды ишке ашырганды, көзгө илээштирбей жасап кеткенди үйрөнүшүм керек деген сыяктуу жагдайлар барбы?

— Кемчиликтер, албетте, болот. Менде да көп. Анын үстүнө эркин күрөштө ыкманын аягына толук жете албайсың. Бир эле ыкманын 100 түрү бар. Ошондуктан, баарын 100 % өздөштүрүп алуу кыйын. Эң башкысы, мелдешке барганда, атаандаштардын күрөш стилине жараша даярдык көрүп, тактикалык жүрүш жасап, ыкмаларды колдоносуң. Ошондуктан, күн сайын үйрөнүп, күн сайын аракеттенип жүрүп отурасың.

— Айсулуу, эми алдыда 2019-жылдагы дүйнө чемпионатында жана 2020-жылы Токидо өтүүчү Олимпиада оюндарында байге утуп келүүнү максат кылып, билек түрүнө даярдыкка киришкениңди уктук. Бардык көңүлүңдү машыгууга буруп, ал тургай, маалымат каражаттарына чыккандан да карманып жатканыңды жар салдың. Убактыңдын тардыгына карабай, бизге маек куруп бергениңе ыраазычылык билдиребиз! Кудай колдоп, чоң жеңиштерди багынт! — деген чын дилден чыккан каалообузду айталы.

— Рахмат сиздерге! Мен да учурдан пайдаланып, «Марал» радиосунун жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем. Бул радио башынан эле мени колдоп, ар бир мелдештен, жеңиштен кийин куттуктап келишет.

Copyright © 2017 Maral FM