Биз менен байланышыңыз

Бильярдчы Дастан Лепшаков дүйнө Кубогунун финалында 3:1 эсебинде утуп жатат

Кыска кабар , Спорт | 9 Мар 2019 | 578 | 0

Мекендешибиз Дастан Лепшаков Орусиянын Москва шаарында бильярддын «кураштырма пирамида» боюнча дүйнө Кубогу мелдешинин финалында атаандашы орусиялык Артем Баловду 3:1 эсебинде утуп жатат. Финалдык оюн 6 утушка чейин созулат.

Учурда беттештин бешинчи партиясы өтүүдө. Оюндун жүрүшүн duplet.news сайты онлайн көрсөтүп жатат.

Кыргыз бильярчысы кечээ жарым финалда дагы бир орус спортчусу Леонид Швыряевди утуп финалга чыккан.

Мелдеш 4-мартта башталган. Анда кыргызстандык 12 кий чебери катышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM