Биз менен байланышыңыз

«Манчестер Ситинин» каржылык ачык-айкындуулук эреже бузганы текшерилет

Кыска кабар , Спорт | 9 Мар 2019 | 657 | 0

Европа футбол уюму (УЕФА) Англиянын «Манчестер Сити» клубуна карата каржылык ачык-айкындуулук эрежесин бузган деген шек менен расмий түрдө текшерүү башталганын жар салды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында бүгүн жарыяланды.

Териштирүүдө соңку кездердеги ЖМКларга чыккан маалыматтардын чын-төгүнү текшерилет.

“УЕФА мындан ары бул маселе боюнча комментарий бербейт. Тергөө жүрүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Football Leaks уюму 2018-жылы «Манчестер Сити» каржылык эреже бузууларды жасаганына байланышкан далилдерди ачыкка чыгарган.

Эгерде айтылган айыптар далилденсе, Англиянын чемпиону европадагы кубоктук мелдештерден четтетилээри эскертилген.

Англиянын «Манчестер Сити» командасынын кожоюну шейх Мансур болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM