Биз менен байланышыңыз

Ош: жасалма өткөрмө кагаздары менен жүргөн 10 жаран кармалды

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 573 | 0

Ошто өзгөчө абал киргенден бери жасалма өткөрмө кагаздары менен жүргөн 10 учур катталды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, жасалма өткөрмө кагаздары менен жүргөн 10 учурдун баарына иш козголду.

Максатсыз колдонгондорго аёосуз чара көрүлөт. Айрымдар уруксат кагаздарын жардам көрсөтүү үчүн алып, бир-эки жолу жардам берип, калган учурда өзүнүн керектигине колдонгон учурлар байкалууда. Ал эми азык-түлүк ташыгандарга өткөрмө кагаз керек эмес. Ун, азык-түлүк жүктөп келе жаткандарды эч ким токтотпойт, — дейт комендант.

Комендант кошумчалагандай, Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 10 жаран кармалды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM