Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат

Коом , Кыска кабар | 9 Мар 2019 | 1133 | 1

Экс-депутат Садыр Жапаров бүгүн апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат. Саясатчынын апасы Кадича Жапарова узакка созулган оорудан соң 7-мартта Бишкекте ооруканада кайтыш болгон. Мындай кабар угулаары менен социалдык тармактарда Садыр Жапаровду энесинин жаназасына катышууга уруксат берүү боюнча Президент Сооронбай Жээнбековдун атына көптөгөн кайрылуулар айтылган.

Мындан улам Садыр Жапаровго каза болгон энесин акыркы сапарга узатууга кечээ уруксат берилип, кечээ түштө ал кичи мекенине жөнөп кеткенин саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосунов “Маралга” билдирген болчу.

Маркум Кадича Жапарова бүгүн 9-мартта саат 11:00 дө Ысык-көл облусунун Түп районунун Кең суу айылында акыркы сапарга узатылат.

Эске сала кетсек, саясатчы камакта жатканда буга чейин атасынан да айрылган болчу. Атамбаевдин бийлиги тушунда атасына топурак салууга мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Садыр Жапаров 2013-жылы «Каракол шаарындагы митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалып, 11 жыл, алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал боюнча мурдагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу камактагы үч миңге жакын жарандын, анын ичинде саясатчы Садыр Жапаровдун иши сотко жөнөтүлгөнүн билдирген. Жогорку сот Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгилеген болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Шейшенбек

    09.03.2019 18:13

    Апасынын ыйманы саламат болсун.Садырга чын ден соолук каалап конул айтабыз.

    Акталып жыгуусуна тилектештигибизди билдиребиз. Кайрат кыл Садыр.Ш

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM