Биз менен байланышыңыз

Жекшеев: КТРКга оппозициялык каналдын жетекчисин директор кылып шайладык

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 1094 | 0

КТРКнын директорун шайлоодо бийлик тараптан эч кандай кысым же көрсөтмө болгон жок. Мындай маалыматты каналдын Байкоочу Кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев айтты. Ал оппозициялык каналдын башчысын КТРКга алып келүү менен Байкоочу кеңеш ачык добуш бергенин далилдеди деп эсептейт.

-Бизди Жогорку Кеңеште “чайкоочу кеңеш” деп атагандар да болду. Биз жогорку саясатчы Өмүрбек Бабановдун каналынын жетекчисин директор кылып шайлап койдук. Кептин баары анын иш билгилигинде, программасын так түшүндүрүп бергендигинде жатат, — деди Жекшеев.

Кошумчалай кетсек, Жайнак Үсөн уулу 13 упай менен директор болуп шайланды. Добуш берүүгө Байкоочу кеңештин 15 мүчөсү катышты.

Copyright © 2017 Maral FM