Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 485 | 0

Бүгүн, 6-мартта Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда эки жактуу байланыштарды активдештирүүнү жана туризм чөйрөсүндөгү алакалардын өнүктүрүү максатында Кыргызстан жана Сауд Аравиясынын ортосунда түз аба каттамдарын түзүү маселесин илгерилетүүгө эки жактуу кызыкдарлык белгиленди.

Бул туристтердин санынын мындан ары өсүүсүнө, товар жүгүртүүнүн көбөйүүсүнө жана эки тараптуу байланыштарды жөнгө салууга шарт түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM