Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр Сауд Аравиянын элчиси менен жолукту

Без рубрики | 6 Мар 2019 | 480 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушту.

Абылгазиев маданий-гуманитардык, туристтик жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактардагы эки жактуу мамилелердин өнүгүп жатканын айтты. Ошондой эле сауд тарапка көрсөткөн көмөгү, анын ичинде Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан жана Сауд Аравиясынын ортосунда түз аба каттамдарын түзүүгө эки жак тең кызыкдарлыгын билдиришти. Бул туристтердин санынын жана товар жүгүртүүнүн көбөйүүсүнө шарт түзөт.

Элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Сауд  Аравиянын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун атынан «Camel Fest» этнофестивалынын жабылыш салтанатына келип кетүүгө чакырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM