Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Талаш-тартыштын соңунда КСДП тарайт

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Мар 2019 | 732 | 0

Талаш-тартыштын соңунда КСДП тарайт. Мындай оюн юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, КСДПдагы бөлүнүүлөр жеке таарынычтан улам болуп жатат. Мунун аягында партия тарап кетиши мүмкүн, себеби алдын ала жыйынтыктар ушуну көрсөтүүдө.

Бөрүбашев КСДП өз ичинен төрткө бөлүнүп кеткенин белгилейт.

«КСДПда экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогондор, ага каршы чыккандар, Саясий кеңештин мүчөлөрү жана кайсы партияга кире калсам экен деген адамдар бар. Мындай бөлүнүүлөр партияда саясий программа, идеялык платформа жок экенин далилдеди. КСДПны саясий көз карашы калыптанган партия катары эсептей албайм. КСДП аркыркы 10 жылда кылган иши боюнча эмне үчүн жооп бербейт?» — дейт Бөрүбашев.

Ал КСДПдан 3 президент чыкканын айтып, мындан улам партиянын жүгү да, жоопкерчилиги чоң экенин белгиледи. Бирок партияда жөнөкөй мүчөлөрдүн пикири угулбай жатканын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 3-апрелде партиянын кезектеги съездин өткөрүүнү пландоодо. Бирок партиянын төрага орун басары Асель Кодуранова мындай жыйын мыйзамсыз экенин айтып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM