Биз менен байланышыңыз

Партиялар элдин бийлигин ээлеп алган

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Мар 2019 | 710 | 0

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде саясий партиялар акционердик коом, Жогорку Кеңеш соода борбору болуп калганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда шайлоонун тагдырын шайлоочулардын добушу эмес, акча, бийлик чечет. Бийликке 20 жылдан бери эл сындаган саясатчылар келип жатканы буга далил боло алат.

«Бийликтин булагы — эл. Бирок бийликти партиялар ээлеп алды. Партиянын лидерлери узурпацияга барышты. Партиялардын мыйзам кабыл алып, элдин тагдырын чечүүгө эч кандай акысы жок. Партия кайсы бир адамдын эмес, элдин партиясы болушу керек. Анткени ал — коомдук бирикме. Саясий бирикмени да эл түзөт»,  — дейт Бөрүбашев.

Ал КСДПдагы абал партиялык түзүлүштүн начар экенине далил болуп жатканын кошумчалады.

«Ушундай начар партиялык системага таянып парламенттик башкарууну өнүктүрөбүз дешет. Кыргызстанда мамлекетин башчысы — президент. Ал мамлекеттин ички саясатына кийлигишпейт. Бул жагынан алсак, Атамбаев күнөөсүз болуп калат. Алгач Баш мыйзамды оңдоп, андан соң гана жоопкерчилигин кароо зарыл», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM