Биз менен байланышыңыз

Индия менен Пакистандын ортосундагы кырдаал ШКУнын ишине кедергисин тийгизүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 712 | 0

Акыркы күндөрдөгү Индия менен Пакистан өлкөлөрүнүн ортосундагы кырдаалдан улам Шанхай Кызматташтык Уюмнун (ШКУ) бир катар иш чаралары кийинкиге калтырылды. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлаганын РИА Новости басылмасы бүгүн 4-мартта жазды.

“Индия менен Пакистандын ортосундагы соңку кырдаал ШКУнун күн тартибине да кедергисин тийгизбей койгон жок. Индия тарап 2019-жылдын 16-февралында Индияда өтө турган ШКУнун бир катар иш чараларын тез арада кийинкиге жылдыруу боюнча чечим кабыл алган”,- деп айтылат Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

ШКУ – Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттери башында турган эл аралык уюм 2001-жылы негизделген. Астанадагы саммитте ШКУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Индия менен Пакистанды уюмга кабыл алуу боюнча чечимге кол коюшкан.

Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия учурда уюмга байкоочу өлкө болуп саналат. Ал эми, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка уюмга өнөктөш-өлкө болууда.

Copyright © 2017 Maral FM