Биз менен байланышыңыз

Бишкек: «Электрондук билет» долбоорун ишке ашыруучу инвестор тандалат

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Мар 2019 | 656 | 0

25-мартта «Электрондук билет» долбоорун ишке ашыруучу инвестор тандалып алынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинен орун басары Нурлан Атыканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, электрондук билеттер автобус менен троллейбустарга киргизилет. Ал үчүн атайын ишкана ачылат.

Бишкекте 2 миң 300 маршруттук такси кызмат кылат. Аларды 41ин жеке ишкана иштетет.

«Ар бир ишкана эртең менен кичи автобустардын техникалык абалын, айдоочуларды текешерет. Унаалар жеке ишканалар тарабынан жылына 2 жолу техникалык кароодон өткөрүлөт. Шаар боюнча аялдамаларды комплекстүү карап чыгабыз. Газ менен иштеген автобустар келсе, Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүндө кичиавтобустар каттай баштайт. Азырынча троллейбустар жетишсиз», — дейт Атыканов.

Маалым болгондой, Бишкекте 11 троллейбустук каттам иштейт. Тагыраагы, 140 троллейбус калкка кызмат кылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM