Биз менен байланышыңыз

Шер-Нияз: Бийлик – популисттик орган

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2019 | 875 | 0

Бийлик – популисттик орган. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эл эмнени сүйлөсө, бийлик ошону талкуулайт.

«Мисалы, коомчулук футбол тууралуу кеп кылса, бийлик футболчуларды тосуп алуу үчүн аэропортко барат, элди аянтка чогултуп концерт берет. Бир жигит  Ак үй тарапка түкүрүп кетсе, ал окуя чоң резонанс жаратат. Парламент да, Өкмөт да 2 күн бою түкүрүктү жана анын түрлөрүн талкуулады. Бул бийлик популисттик органын экенин далилдеди», — дейт депутат.

Эл өкүлү буга кошумча, бийлик популисттик орган болгондуктан мамлекет жазуучулар үчүн каражат бөлбөй турганын айтып, алар өз жанын өздөрү багышы керектигин белгилейт.

«Мен маданияттын өкүлдөрү катышкан бир топ иш-чараларга катышам. Анда сүйлөшүүлөрдүн 80% мамлекет акча бөлүп, колдоо көрсөтүшү керек деген ойлорду камтыйт. Бирок мен ага каршы чыгып келем. Алсак, мен Кыргызстан кинематографисттер союзун жетектеп турганда кызматкерлерге “мамлекеттен такыр көңүл бурулбайт” деп эсептейли да, кинематографияны көтөрөбүз дедим. Биз ага жетиштик. Мен жазуучуларга да ушул нерсени сунуштар элем«, — дейт Садык Шер-Нияз.

Copyright © 2017 Maral FM